Экзамендерди бүтүрүп, баа койдуруп беремин деп… — ВИДЕО

17-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 21
Үстүбуздөгү жылдын 26-июль күнү Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде иштеген кызматкер башка кызматкерден «жумушуӊду бүтүрүп беремин»- деп акча талап кылып жаткандыгы боюнча маалымат Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 238-беренесинин  (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

ЖОЖ окутуучусу А.Д., студенттердин экзамендерин бүтүрүп берүү үчүн 10500 сом өндүргөн. Тергөөнүн учурунда андан студенттердин аты-жөнү жана алардан алган акчалардын суммасы жазган тизме табылганы маалым болгон.

«Жалал-Абад ОИИБнын тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди»,-деп билдирет Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X