Эл өкүлдөрү чек арада жабыркагандарга 25 миң сомдон берет

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,  28-30-апрель күндөрү Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан жарандарга Жогорку Кеңештин депутаттары жардам катары 25 миң сомдон берет.

Жаңжалда 190 кыргыз жараны жабыркап, 36 адам каза болуп, 40 миңден ашык жаран коопсуз жайларга көчүүгө аргасыз болушкан.

7-майга карата Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X