Эл аралык алкакта бааланган эмгек

Жакында Астана шаарында “Административдик юстиция жана анын укук үстөмдүгүн камсыздоодогу ролу” аттуу эл аралык форум өз ишин аяктады. Аталган форум Казакстан Республикасында административдик юстиция институту киргизилгенинин 5 жылдыгына арналган. Эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн бул форумга КРнын Жогорку Сотунун Төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова катышты.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Астанадагы форумдун катышуучуларын куттуктап, масштабдуу мамлекеттик реформалар, административдик юстицияны өнүктүрүү, “Мыйзам жана Тартип” принцибин чыңдоо коом менен ачык диалогдун негизинде жарандардын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Форумдун жыйынын Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев алып барды. Эл аралык мартабалуу жыйында сөз сүйлөгөн Нургүл Бакирова Кыргызстандын административдик юстицияны калыптандыруу боюнча өзүнүн тажрыйбасы бар экенин белгилеп, “2016-жылдын май айынан тартып Кыргызстанда “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” КРнын мыйзамы колдонулуп келет. Бул мыйзамдын, административдик-процесстик кодексинин кабыл алынышы, өлкөдө административдик юстициянын өнүгүүсүндөгү жаңы этапты белгиледи. Аталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда Батыш Европанын алдыңкы мамлекеттеринин, анын ичинде Германиянын, Австриянын жана Нидерланддардын, постсоветтик өлкөлөрдүн – Азербайжандын, Армениянын, Грузиянын, Латвиянын, Литванын жана Эстониянын тажрыйбасы эске алынган. Бул тажрыйба, Кыргызстанда укуктук тутумунун өзгөчөлүктөрүн жана шарттарын эске алуу менен ылайыкташтырылган” – деген пикирин билдирди.

Катышуучулар административдик сот өндүрүшүн өнүктүрүүнү жана мамлекет менен болгон мамилелерде жарандардын укуктарын коргоо чөйрөсүнө алдыңкы ыкмаларды киргизүү маселелерин талкуулашты. Конгрессти түзүү демилгесин форумдун уюштуруучусу – Казак-стан Республикасынын Жогорку соту көтөрүп чыкты.

Декларациянын кабыл алынышы менен судьялар үчүн актуалдуу маселелерди талкуулай турган кошумча аянтча пайда болорун баса белгилеген Нургүл Бакирова форумдун биринчи эле күнү Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Асламбек Мергалиевдин 2026-жылдын 2-июнундагы чечими менен “Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйланды. Мындай шартта, мартабалуу сыйлыкты багынтып жаткан кыргыздын тирикарак кызын куттуктап, эмгегин элге жар салып койгонго эмнеге болбосун?!

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X