Эл аралык баңгизат аткезчилигине каршы ири операция жүргүзүлдү

3-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 152

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө эл аралык баңгизат каналын токтотушту.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, афган тектүү өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттар Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу аткезчилик жол менен ташылып, андан соң Казакстан аймагында таратылып келген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Казакстандын Шымкент шаарында жалпы салмагы 4 кг 920 граммды түзгөн «апийим» баңгизатын алып бара жаткан чет элдик жарандар — 1988-жылы туулган Ф.К. жана 1976-жылы туулган Т.А. кармалды.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.Возможно, это изображение автомобиль и текст

Операция Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгынын негизинде жүргүзүлдү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X