"Эркин-Тоо"

Эл аралык даражалуу сыйлык – Алпаслан Жейланга

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк дүйнөсүнө кылган кызматы жана жигердүү салымы менен бирге окуу жайдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон мыкты көрсөткүчтөрү үчүн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы менен сыйланды.

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы  Султан Раев сыйлыкты тапшырууда «Манас» университети түрк дүйнөсүнүн жаштарын бир түндүктүн алдына чогулткан окуу жайы экендигин, университет түптөлгөндөн бери кыргыз, түрк элдеринин ортосунда ар тармактуу иштер жүргүзүлүп келерин баса белгиледи.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Айзат Таласбаеванын билдирүүсү боюнча  профессор Алпаслан Жейланга аталган сыйлык 19-майда  Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамында  тапшырылды.

 

Бегим ТУРДАЛИЕВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!