Эл аралык Дельфи оюндары башталды
Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын Дельфи оюндары башталды. Ага 9 өлкөдөн 300дөн ашык өспүрүм катышууда. Ал эми аймактардан келгендерди кошкондо, жалпы катышуучулардын саны 700гө жакындады.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстан Дельфи оюндарына 2002-жылдан бери катышып келерин белгиледи.
Катышуучулар фортепиано жана элдик аспаптарда ойноо, сүрөт тартуу, элдик жана эстрадалык ырларды аткаруу, диджейлик жана кол өнөрчүлүк боюнча күч сынашат.