Эл аралык издөөдө жүргөн жаран АКШдан экстрадицияланып, Кыргызстанга алып келинди

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 175

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары менен жүргүзүлгөн натыйжалуу кызматташуунун алкагында эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны А.А. мекенине экстрадицияланды.

Маалыматка ылайык, А.А. алдамчылык кылмышынын бир нече эпизоду боюнча айыпталып, учурда Кыргыз Республикасына жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, шектүү жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жабырлануучуларга жалпы суммасы 15 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген.

Башкы прокуратура белгилегендей, эл аралык кызматташтыктын натыйжасында жүргүзүлгөн бул экстрадиция кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды жоопко тартуу боюнча иштердин алкагында ишке ашырылды.

Мекеме ошондой эле жабырлануучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жазык жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол бербөө боюнча иштер мындан ары да ырааттуу улантыларын билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X