Эл аралык китеп күнү белгиленет

23-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 23

Бүгүн Кыргызстанда Эл аралык китеп күнү белгиленээрин “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкы адиси Ринат Бакеев маалымдады.
Анын айтымында, Кыргызстанда эл аралык китеп күнүнө карата иш-чара К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын алдында өтөт. “Аталган иш-чарага республикадагы китеп сүйүүчүлөр жана китеп багытында иштегендер катышат. Иш-чара саат 11:00дө КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте Мамлекеттик китеп палатасы, ЮСАИДдин колдоосу менен өткөрүлөт. Анын алкагында китеп окуу, балдарды китеп окууга кызыктыруу жаатында ар кандай аянтчалар уюштурулат”, — деди Ринат Бакеев.
Эске сала кетсек, Эл аралык китеп күнү ЮНЕСКО тарабынан 1995-жылы кабыл алынган. Ошондон бери бардык өлкөлөрдө, анын ичинде КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде Кыргызстанда да белгиленип келет.


Асел Барыктабасова

23-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X