Эл аралык санарип төлөм системасын киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23

Кыргызстанда BRICS Pay эл аралык төлөм системасын киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте өткөн жолугушууда белгилүү болду.

Жолугушууга BRICS Pay долбоорунун өкүлдөрү катышып, Кыргызстан аймагында чек ара аралык чекене (C2B) жана корпоративдик (B2B) эсептешүүлөр үчүн заманбап төлөм инфраструктурасын түзүү маселеси каралды.

BRICS Pay — БРИКС+ өлкөлөрүнүн ортосунда эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө багытталган борборлоштурулбаган санариптик төлөм системасы. Ал улуттук валюталар менен коопсуз жана үзгүлтүксүз төлөм жүргүзүүгө шарт түзүп, финансылык операцияларды ылдам жана жеткиликтүү кылууну көздөйт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруунун инвестициялык жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле системанын технологиялык түзүлүшү жана иштөө модели тааныштырылды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов бул долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтып, мындай демилге өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин белгиледи.

Маалыматка ылайык, бул долбоор ишке ашса, тышкы төлөм системаларына болгон көз карандылык азайып, улуттук төлөм инфраструктурасы менен интеграция күчөп, санариптик финансылык кызматтар өнүгөт.

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X