COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү максаты менен Эл аралык валюта фонду тарабынан дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө бөлүнө турган каражаттын суммасы айтылды. Уюмга мүчө болгон 190 өлкөгө бөлүнө турган жалпы сумма 650 миллиард долларды түзөт. Финансылык каражатты бөлүү чечими 23-августта күчүнө кирген.
Фонд Казакстанга 1 миллиард 600 миллион, Өзбекстанга 750 миллион, Түркмөнстанга 325 миллион, Кыргызстанга 242 миллион, Тажикстанга 236 миллион доллар бөлдү.