"Эркин-Тоо"

Эл артисти Талгарбек Жакшылыков дүйнөдөн кайтты

Көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маркумду акыркы узатуу зыйнаты эртең, 15-мартта саат 11:00 А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Талгар Жакшылыков 1964-жылы Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган кыштагында туулган.

1984-1986-жылдары Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1987-жылдан 1993-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин аталган театрда узак жылдар бою солист катары эмгектенген.

1998-жылдан тарта Кыргыз улуттук консерваториясында иштей баштаган. Жеке ырчылык кафедрасынын улук окутуучусу, доценти болгон.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!