Эл баатыры Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маалыматта коштошуу зыйнаты 26-апрелде саат 11:00дө баштала тургандыгы белгиленген.
85 жаштагы Бексултан Жакиев акыркы мезгилде ооруп жүргөн.
Жазуучу 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Бексултан Жакиев Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Казакстандын Төлөгөн Айбергенов жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. Ага Казакстандын Астана медалы берилген. Кыргызстанда Бексултан Жакиевге эң даражалуу Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.