Эл өкүлдөрүнүн иши сизди канааттандырабы?
Ошентип, 2025-жылдын 17-декабрында ишин баштаган Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы өз ишин жыйынтыктап, депутаттар жайкы эс алууга тарашты. Парламенттин жыйынында Төрага Марлен Маматалиев өткөн сессиянын жыйынтыгына токтолуп, депутаттык корпус тарабынан аткарылган иштерге кыскача баяндама жасады. Төрага белгилегендей, сессия учурунда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынган. Тагыраагы, жыл башынан бери Жогорку Кеңеш тарабынан жалпысынан 145 мыйзам долбоору кабыл алынып, алардын 94үнө Президент тарабынан кол коюлган. Эл өкүлдөрү жайкы эс алуудан кийин өз ишин сентябрь айында улантышмакчы.
Барган сайын парламентке коомчулуктун калың катмарынын сыны күчөп, “депутаттар маанилүү маселелерде позициясын билдирбейт, Президенттик Администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариуска айланып калышты” — деген сындар көп айтылып келгенин кайда катабыз? Активдүү катмардын “депутаттык корпус азыркыдай деңгээлде эч качан майдаланган эмес” — деген сыны канчалык деңгээлде негиздүү? Дегеле парламенттин жыл ичиндеги ишмердүүлүгү сизди канааттандырдыбы? Биз бул сапар дал ушундай соболдорго жооп издедик.
КР Президентинин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Нарбеков:
“Парламенттин ишине эмоция менен баа берүү туура эмес”
— Мен Жогорку Кеңештин мурдагы кызматкери катары айтарым, парламенттин ишине эмоция же айрым саясий баалоолор менен эмес, мыйзам чыгаруу процессинин талаптарынын негизинде баа берүү туура деп эсептейм. Тагыраагы, ар бир мыйзам долбоору мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө тиешелүү комитеттерде каралып, укуктук экспертизадан өтүп, жалпы жыйында талкуулангандан кийин гана кабыл алынат. Демек, парламенттин ар бир чечими мыйзамдык жол-жобонун негизинде жүрөт.
Парламент коллективдүү орган болгон соң албетте, коомчулуктун сын-пикири ар дайым болушу керек. Бул парламенттин ишинин ажырагыс бөлүгү, арылатканда табигый процесс. Бирок, парламенттин ишмердүүлүгүн кабыл алынган мыйзамдардын саны менен эмес, алардын сапаты, мамлекеттин өнүгүшүнө жана жарандардын турмушуна тийгизген таасири менен баалоо туура болот.
Милициянын отставкадагы полковниги Алмаз Мурсаев:
“Маматалиевдин Төрага болушу парламенттин аброюн жогорулатат”
— Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда VIII чакырылыштын 1-сессиясынын жыйынтыгын чыгарып жатып Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин аткарган иш-чаралары туурасында токтолуп, жарым жыл ичинде депутаттык корпустун ишмердүүлүгүнүн позитивдүү жана негативдүү жактары туурасында азын-
оолак айта кетти. Чындыгында акыркы убактарда депутаттарга элдин ишеничи күн санап жоголуп бара жатканы ачык эле билине баштаган. Себеби, мөөнөтүнөн мурда тараган VII чакырылыштын депутаттарынын 80%дан ашыгы кайрадан эл өкүлү болууга талапкерлигин коюшуп, шайланып келишкен. Шайлангандары курусун, мандатка жетишкени менен көпчүлүгү өзүлөрүнүн ойлорун айткандан чочулашып, айрым маанилүү иш-чараларды кароодо өзүлөрүнүн позицияларын так айта алышпай, четтеп турган учурлар көп кездешкенине күбө болуп жатабыз. 90 депутаттын ичинен 1-2 эле эл өкүлү өз принциптерин кармап, лоялдуулугун көрсөтө алды. Мындай пикир калктын калың катмарынын көпчүлүгүндө калыптанып калды. Алты ай аралыгында өлкөдө, анын ичинде парламенттик корпуста да көптөгөн саясий күтүлбөгөн окуялар болуп өттү. Башкасын айтпаганда да жакында 75 аксакалдын чуулгандуу каты. Ушул жерде депутаттык корпустун биримдигинин жоктугу, принциптери шартка жараша өзгөрүп кетээри, мамлекеттин кызыкчылыгын, элдин талабын көздөбөстөн өз кызыкчылыктарын жогору коюп, саясий амбицияларга алдырып, топ-топко бөлүнүшү, элдин ишеничин актайм деп кыйкырып жатышып эле кандайдыр бир жүйөлүү себептерден кийин 10го жакын эл өкүлдөрү арыздарын жазып, мандаттарын тапшырышы, алардын моралдык абалы өтө төмөн абалда экени аттын кашкасындай эле билинип калды. Мындай саясий кашаң кадам менен кете бере турган болсо, парламенттин аброю өтө төмөн абалга түшүп, элдин ишеничинен тап-такыр “кол жууп” калары турган иш.
Саясий амбицияга такшалып келе жаткан жаш саясатчы Марлен Маматалиевдин Жогорку Кеңештин Төрагалыгына келиши менен депутаттык корпустун моралдык жана саясий абалы оң жолго салынып, жоголуп бара жаткан аброю кайрадан ордуна келет деген ишеничке келгим келет. “Жөжөнү күздө санайбыз” дегендей, Жогорку Кеңешти саясий орган катары салмагын 3-4 айдан кийин анык сезе баштайбыз.
“Кыргыз Туусу” гезитинин мурдагы башкы редактору Эрнис Балбаков:
“Бул чакырылыш саясий интрига, кутумдугу менен эсте калды…”
— Эл өкүлдөрү бул 7 миллион элдин ичинен тандалган эң билимдүүлөрү, эң татыктуулары болушу керек эле. Мыйзам жазуу, экономика, билим берүү, укук, социалдык саясат ж.б. боюнча түшүнүгү кенен, тажрыйбасы да жетиштүү адамдар парламентте отурса өлкөбүздүн өнүгүшү дагы ошончолук тез болмок.
Тилекке каршы, Жогорку Кеңештин чакырылыштары улам барган сайын майдаланып баратат. Бул жагын жашырганда эмне? Кезегинде кыргыз парламенти “оор салмактагы” легендарлуу инсандардан курала турган. Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаев, Муратбек Мукашев, Ишенбай Кадырбеков, Кубатбек Байболовдордун убагындагыдай интеллектуалдык салмагы бар, коомдо авторитети күчтүү депутаттардан куралган парламент кайра келбейт го. Аттиң ай! VIII чакырылыштагы парламенттин биринчи жылы саясий интрига, кутумдук аракеттери менен эсте калды (башка эмнесин сөз кылууга болсун). Кетчүсү кетип, тазаланып алганы дагы жакшы болду бир чети. Парламенттин алдыдагы ишмердүүлүгү, дегеле мындан аркысы жакшы болсун эми… Жүктөлгөн милдеттерин так аткарып, элдин чыныгы өкүлү болушсун.
Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Турдакун Давлетов:
“Күчтүү депутаттын жоктугуна шайлоочу күнөөлүү”
— Ачык айтканда парламенттин улам кийинки чакырылышы барган сайын майдаланып баратат. Бул жагын жымсалдабай, ачык айтканыбыз оң. Кезегинде кыргыз парламентинде мыйзамды чемичкедей чагып, түшүн жоруган кандай гана залкар мыйзамчы депутаттар бар эле. Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков, Кубатбек Байболов сыяктуу күчтүү мыйзамчылар, эсеп-кысапты жаңылбай жатка айткан Муратбек Мукашев, Азимбек Бекназаров сыяктуу инсандар парламенттин көркүнө көрк кошпостон, Жогорку Кеңештин аброюн да арттырып турушчу. Азыркы парламентте ушулардай эл өкүлдөрү барбы? Бул жагын айткандан да уяласың! Анан калса тыңгылыктуу жазган мыйзамдары деле жок туруп, парламенттеги саясий “оюндарга” аралашып алышканын кантесиң? Буга жакында 75 адамдын катын мисал кылсак болот. Азыр депутаттардын көбүнүн “эрмеги” ар кимдин көңүлүн алып, Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары менен Ыраазычылык каттарын туш келди таратып жатышкандыгында болууда. Төрага Марлен Маматалиев ушул жагын көзөмөлдөбөсө болбойт. Парламенттин мактоо баракчалары бүгүн туш келди таратылууда. Ошондуктан, бүгүн Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө менин анчейин деле ичим чыкпайт. Күчтүү мыйзамчы депутаттарды санасаң беш манжаң толук жумулбайт. Мындай көрүнүшкө карапайым шайлоочулардын күнөөсү да опол тоодой дегим келет. Өң-тааныштыкка, акчасына карап шайлап отуруп, биз бүгүн ушул абалга келдик. Өзүбүздөн кеткен катаны да моюнга алганды билишибиз зарыл. Дагы айтам, силер парламенттин жарым жылдыгын кеп кылуудасыздар. Жарым жылдыгын мындай кой, азыр аброю урап баратат. Ошондуктан, эл өкүлдөрү менен элибизди бул маселеге олуттуу көңүл бурушун суранам.
Калыгул Бейшекеев