“Эл үмүтү” стипендиясына арыздар эми онлайн кабыл алынат
11-майдан тарта “Эл үмүтү” Президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди. Эми талапкерлер стипендияга катышуу үчүн арыздарын онлайн форматта тапшыра алышат.
Порталда катышуу шарттары, тандоо критерийлери жана керектүү документтердин тизмеси жайгаштырылган. Ошондой эле арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрү, тандоо этаптары жана талапкерлерге коюлган талаптар боюнча маалыматтар да платформа аркылуу жеткиликтүү болот.
“Эл үмүтү” Президенттик стипендиясы Кыргызстандын таланттуу жана келечектүү жаштарын колдоого багытталган. Программанын негизги максаты — жаштарга сапаттуу билим алууга шарт түзүү жана алардын кесиптик потенциалын өнүктүрүү.
Толук маалымат “Эркин-Тоо” гезитинин №34 (3794), 2026-жылдын 12-майындагы санында жарыяланган.