Эльанора Нуржадыева: «Айылдагы мектепте окуганым мен үчүн тоскоолдук болгон жок»
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жарыяланып, миңдеген бүтүрүүчүлөр келечекке карай маанилүү кадам таштоонун алдында турушат. Алардын арасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Советское айылындагы Кызыл-Кыя жалпы орто билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Эльанора Нуржадыева да бар. Ал ЖРТдан 208 балл алып, өзүнүн гана эмес, бүтүндөй мектебинин сыймыгына айланды. Айылдык мектептен билим алып туруп мындай жыйынтыкка жеткен Эльанора менен кыскача маектештик.
— Эльанора, ЖРТдан 208 балл алганыңызды укканда кандай сезимде болдуңуз?
— Жыйынтыктар жарыяланды деген кабарды укканда дароо сайтка кирдим. Бирок толкунданганымдан жыйынтыкты дароо карай албай, 15-20 мүнөттөй ары-бери басып жүрдүм. Акыры сайтты ачып, өз баллымды көргөндө сүйүнгөнүмдөн көзүмө жаш келди. Албетте, жакшы жыйынтык күтүп жаткам, бирок мындай сезимди сөз менен жеткирүү кыйын экен.
— Мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн даярдыкты качан баштадыңыз эле?
— ЖРТга даярдануу үчүн Бишкек шаарына барып, бир айлык атайын курска катыштым. Бирок менин оюмча бул жыйынтыкка жетишиме мектептен алган билимим чоң жардам берди. Сабактарды дайыма жакшы окуп, даярданып жүрдүм.

— Күнүнө канча убакыт даярданууга бөлчү элеңиз?
— Күнүнө орточо үч сааттан жети саатка чейин убакыт бөлүп даярдандым. Кээде көбүрөөк, кээде азыраак окучумун. Негизгиси убакытты туура пайдаланууга аракет кылдым.
— Даярданууда кандай ыкмаларды колдондуңуз?
— Менин оюмча, ЖРТдан жогорку балл алуунун сыры сөзсүз эле көп жыл даярданууда эмес. Эң башкысы — убакытты туура бөлүштүрүү жана ар бир мүнөттү пайдалуу өткөрүү. Ошондой эле тесттерди көп иштеп, каталарымды талдап турдум.
— Бул ийгилигиңизге кимдердин салымы чоң болду?
— Мага эң чоң дем-күч берген адам апам болду. Ал менин жакшы балл алып, мыкты окуу жайда билим алышымды абдан каалачу. Тилекке каршы, апам жарым жыл мурда күтүүсүздөн дүйнөдөн кайтты. Бул мен үчүн оор жоготуу болду. Бирок анын үмүтүн актоо үчүн дагы көбүрөөк аракет кылдым. Бүгүнкү жетишкендигимди апама арнагым келет.
— Келечекте кайсы кесипти тандап жатасыз?
— Мен маалыматтык технологиялар тармагына кызыгам. Ошондуктан келечекте программист болуп, IT багытында билим алууну пландап жатам.
— Айылдык мектепте окуп туруп жогорку көрсөткүчкө жетүүнүн сыры эмнеде деп ойлойсуз?
— Айылдагы мектепте окуганым мага эч кандай тоскоолдук жараткан жок. Балким, мүмкүнчүлүктөр шаардагы окуучулардыкындай көп болбогондур, бирок колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга аракет кылдым. Керектүү китептерди сатып алып, алардын түшүндүрмөлөрүн интернеттен жана социалдык тармактардагы билим берүүчү баракчалардан карап окучумун. Азыркы учурда айыл менен шаардын ортосундагы маалымат алуу мүмкүнчүлүгү мурдагыдай чоң айырмачылык жаратпайт деп ойлойм. Ар бир окуучу өзүнө ишенип, аракет кылса ийгиликке жете алат. 
— Сиздин ийгилигиңиз айылыңыздагы окуучуларга кандай таасир берет деп ойлойсуз?
— Менин жетишкендигим мектептеги жана айылымдагы окуучуларга дем берет деп ишенем. Эгер алар менин мисалымдан шыктанса, бул мен үчүн чоң кубаныч болот. Ар бир окуучу алдына максат коюп, ага жетүү үчүн эмгектенсе сөзсүз жакшы жыйынтыкка жетет.
Кенже Осмоналиева