Эльчибек Джантаев жарандардын кайрылууларын кабыл алды

24-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 227

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев Коомдук кабылдамада жарандардын кайрылууларын карады.

Кабыл алууда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, кадрдык маселелер, жергиликтүү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү жана башка көйгөйлөр талкууланды.

Жарандар эмгек стажын эсептөө, пенсия, мамлекеттик кызматка байланыштуу маселелер жана жер маселеси боюнча кайрылышты.

Агенттиктин жетекчиси көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде кароону жана тиешелүү чечимдерди кабыл алууну жооптуу кызматкерлерге тапшырды.

24-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 227
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X