Элдик Курултайдын жыйынтыгы. Кожо-Ашкан дарыясынын жээги бекемделди
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагынын тургундары, ошондой эле III жана IV Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн Кожо-Ашкан дарыясынын жээгин бекемдөө маселеси этап-этабы менен ишке ашырылууда.
Аталган долбоордун алкагында 2024–2025-жылдары Кожо-Ашкан дарыясынын жалпы 4260 метрге пландалган жээк бекемдөө тилкесинин 880 метри бүткөрүлдү. Анын ичинен Чоң-Гара айылында 500 метр, ал эми Кызыл-Коргон айылында 380 метр жээк бекемделди.
Аткарылган иштердин натыйжасында турак үйлөр, короо-жайлар, ички чарбалык жолдор, сугат арыктары жана айыл чарба багытындагы жерлер сел коркунучунан корголду. Ошондой эле жаңы жерлерди өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Долбоорду ишке ашырууга 2025-жылы республикалык бюджеттен 20 миллион сом, ал эми 2024-жылы Баткен облусун өнүктүрүү фондунан 15 миллион сом бөлүнгөн.
Учурда дарыянын дагы 3380 метр жээгин бекемдөө зарыл. Бул иштер Баткен облусун 2021–2035-жылдарга өнүктүрүү планына киргизилген жана алдыдагы этаптарда улантылат.
Белгилей кетсек, жээк бекемделгенге чейин сугат мезгилинде Кожо-Ашкан дарыясындагы суунун көлөмү секундасына 300 куб метрге чейин жетип, ташкын суулар дыйкандардын айдоо аянттарын жууп кетип турган учурлар байма-бай катталган.