Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү

Президенттин «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун жетекчилиги алдында Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Алгачкы отурумга уюштуруу комитетинин курамына кирген Президенттин администрациясынын кызматкерлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрлер, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана коомдук ишмерлер катышты.

Жыйында этностук өкүлчүлүктөн делегаттарды шайлоо, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын ичинен делегаттарды шайлоо боюнча нускамалар, жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча жыйындарды өткөрүү боюнча бирдиктүү протоколдордун үлгүлөрү жана иш-чаралардын планы бекитилип, ага ылайык тиешелүү тапшырмалар берилди.

Элдик курултай 2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт. Жарлыктын негизинде жер-жерлерден, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 700 делегат шайланып келет.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X