Элдик милиция, жакшы адам, татыктуу генерал эле!

15-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36

Кечээ, 14-февралда Бишкекте мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 63 жашында дүйнө салды. Ал кесиптик жолун катардагы күзөтчүдөн баштап, ички иштер министрине чейин жеткен чыныгы тартип сакчысы эле. 2005-жылы “жоогазын” революциясынан кийин жетекчилик кызматтарда иштеп, алгач Бишкек милициясын, андан кийин 2008-2010-жылдары ИИМди жетектеди. 2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин кызматтан кетип, мамлекеттик жана саясий иштерге аралашпай жүргөн. Анткен менен калк жана жалпы кесиптештеринин арасында ал өзгөчө кадыр-баркка ээ болуп, бир кездерде ИИМде реформа жасаган мыкты адис, кесипкөй тартип сакчысы катары белгилүү эле.

Молдомуса Конгантиев менен коштошуу зыйнатына келгендер анын өзгөчө адамгерчилигине, кесипкөйлүгүнө токтолуп, сөз сүйлөштү. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкө Президенти Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп жатып,  “Молдомуса Конгантиев кыргыздын чыныгы генералдарынын бири болуп саналат. Ал кандай кызмат ордун ээлебесин иштин көзүн таап, аны чоң жоопкерчилик менен так аткаргандыгы, улууга урмат, кичүүгө сый мамилеси, үлгүлүү жүрүм-туруму менен эл оозуна алынган адам эле. Кыргыз мамлекеттик университетин укук таануу адистиги боюнча бүтүрүп, юридикалык илимдеринин кандидаты илимий даражасын ийгиликтүү жактоого жетишкен. Кыргыз милициясында жетекчилик кызматтарды аркалаган жылдары ИИМдин кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоодон тарта кесипкөйлүгүн арттырууда көп эмгек кылган” — деди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2010-жылдагы революция тууралуу эскерип, «Бүгүн Молдомуса Конгантиев жөнүндө бардык чындык айтылышы керек. Молдомуса Ташболотович генералдык наамга өз мээнети менен бардык баскычтарды басып жеткен. Ал жакшы адам, мыкты офицер эле. Өз кызматын өтөп жатып 4 саат ур-токмокко алынып, ден соолугунан айрылып, эс-учун жоготуп баратса да ал офицердик мундирди бекем сактап, эч кимди саткан эмес. Ал антына бекем турган. Молдомуса Конгантиевдин ошондогу элеси менен бүтүндөй милиция кызматкерлеринин реалдуу тагдырын көрсөтүп турган. Анын ошондогу бекемдиги – бардык милиция кызматкерлерине катуу таасир этти, аларга үлгү болуп калды», — деди.

Акылбек Жапаров анын илимий эмгегинин да кыргыз милициясынын ишинин жакшырышына багытталганын белгилеп, эгер генералды тагдыр сындырып кетпегенде өз ишмердүүлүгүндө далай ийгиликтерди жаратмак деп баса белгиледи.

Сөз алып сүйлөгөн ИИМдин генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев Молдомуса Конгантиев чыныгы элдик милиция болгондугуна токтолуп, “Конгантиев дайыма эл аралап жүрчү. Бир жолу ал Токтогул районунун Толук айылына барып, элдин көйгөйүн угуп келиптир. Айылдан келип эле мага кайрылды. Тоо арасында жашаган айылдыктар 90 жылдан бери электр энергиясы жок жашап келишет экен. Ушул маселени чечпесек болбойт. Мен сөз берип келдим эле деп ишке киришти. Бир ай өтпөй ал айылга электр чубалгылары тартылды. Айылдын эли ушул күнгө чейин Молдомуса бизге чырак коюп берген деп жүрүшөт”, — деп эскерди.

Молдомуса Конгантиевдин сөөгү татыктуу урмат-сый көрсөтүү менен Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X