19-майда Бишкек шаарындагы Эмен багында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында декоративдик-колдонмо искусствонун эл аралык көргөзмөсү салтанаттуу түрдө ачылды.
Көргөзмө “Кол өнөрчүлүк маданий коддун алып жүрүүчүсү катары: Улуттук кийим — ата-бабалардын руху” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында уюштурулууда. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Шериктеш мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык фондунун колдоосунда “Арт арба” коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп жатат.
Ачылыш аземине министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов катышып, өз сөзүндө салттуу кол өнөрчүлүк улуттук маданий мурастын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи. Ал элдик өнөр маданий эс тутумду, улуттук иденттүүлүктү жана руханий баалуулуктарды сактоодо өзгөчө роль ойной турганын айтты.
Көргөзмөдө катышуучу өлкөлөрдүн элдик чеберлеринин кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук кийимдери жана декоративдик өнөр үлгүлөрү сунушталууда. Ошондой эле конференциянын алкагында этникалык музыка концерти, илимий талкуулар, мастер-класстар, элдик чеберлердин көргөзмөлөрү жана “Улуттук кийим — ата-бабалардын руху” аттуу эл аралык этно-мода көрсөтүүсү өтөт.
Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россия Федерациясынын бир катар республикаларынан өкүлдөр катышууда.