Электр тармагын санариптештирүү үчүн заманбап трансформаторлордун алгачкы партиясы келди

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99

Энергетика тармагын жаңылоо иштери уланууда. Бөлүштүрүүчү электр тармактарын модернизациялоонун алкагында заманбап өлчөөчү трансформаторлордун биринчи партиясы жеткирилди.

Жаңы жабдуулар «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» (МУРЭС) долбоорунун 2-компоненти — «Бөлүштүрүүчү тармакты санариптештирүү» багыты боюнча сатып алынууда.

Бул максатта «АльянсСпецТех» ЖЧКсы менен 41 млн 640 миң сомдук келишим түзүлүп, анын негизинде жалпысынан 90 комплект өлчөөчү трансформатор жеткирилет.

Учурда анын биринчи партиясы келип түштү. Анын жалпы наркы 13 млн 638 миң сомду түзөт. Жеткирилген жабдуулардын курамында 10 жана 35 кВ чыңалуудагы заманбап ток жана чыңалуу трансформаторлору бар.

Бул жабдуулар электр тармагындагы параметрлерди кыйла так өлчөөгө, релелик коргоо жана автоматика системаларынын ишенимдүү иштешин камсыздоого мүмкүндүк берет. Натыйжада электр менен камсыздоонун коопсуздугу жана туруктуулугу жогорулайт.

Адистердин баамында, өлчөөчү трансформаторлорду жаңылоо — эски жабдууларды жаңысына алмаштыруу менен гана чектелбейт. Бул кадам электр тармагын заманбап башкарууга, маалыматтарды так алууга жана санариптик технологияларды кеңири киргизүүгө жол ачат.

МУРЭС долбоорунун алкагында бөлүштүрүүчү тармактарды жаңылоо жана санариптештирүү боюнча иштер мындан ары да улантылып, энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат.

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X