Электр тармактарында ашыкча жүктөм жок — министрлик

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Новости дня 133

Кыргызстанда энергетика тутумунда абал туруктуу. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн суткада өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 45,6 млн кВт⋅саатты түздү.

Министрлик электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталбаганын билдирди.

Учурда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр тармактарындагы объектилерде пландуу оңдоо иштери уланууда.

Оңдоо иштеринин графиги менен керектөөчүлөр «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайты жана «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат.

Энергетиктер жарандарды, өзгөчө электр энергиясы көп керектелген сааттарда, жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Новости дня 133
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X