Электр тогуна урунуп комага түшкөн 9 жаштагы бала көз жумду

3-август, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 149

Бишкекте электр тогуна урунуп, оор абалда комага түшкөн 9 жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болду. Бул тууралуу анын апасы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Эске салсак, кырсык 26-июль күнү саат 20:13 чамасында Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун имаратынын жанында болгон. Ал жерде Ибрахим электр тогуна урунуп, оор жаракат алган. Окуядан кийин бала тез арада ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Дарыгерлер бир нече күн бою анын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүшкөн. Бирок, тилекке каршы, алынган жаракаттардын оордугунан улам Ибрахим көз жумду.

Бул кайгылуу окуя коомчулукта чоң кайгы жаратып, коопсуздук талаптарын күчөтүү маселесин дагы бир жолу күн тартибине чыгарды. Учурда окуянын бардык жагдайлары тиешелүү органдар тарабынан такталууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X