Электр жарыгын үнөмдөө боюнча буйрук чыкты

29-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 24

Кышкы жылуулук сезонуна карата электр энергиясын үнөмдөө максатында «Улуттук энергохолдинг» ишканасы жалпы өлкө аймагындагы көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аймактардагы бөлүштүрүүчү компанияларга таңга жуук жана кечкисин кыдырып, электр энергиясын үнөмдөөнү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди. «Улуттук энергохолдинг» ишканасы муну менен өлкөдө электр энергиясын чектөө киргизилбегенин бекемдеп, жер-жерлерде электр энергиясы кышкы жылуулук сезонуна даярдык көрүүгө байланыштуу өчүрүлүп жатканын белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X