Электрондук патентти эми смартфон аркылуу тариздеп, төлөм жүргүзүүгө болот

«СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун алкагында электрондук патентти «MegaPay» мобилдик капчыгы аркылуу тариздеп жана төлөм жүргүзсө болот. Тактап айтканда салык төлөөчүлөр салык органына барбастан, смартфондун жардамы менен аралыктан патент толтуруп, баасын эсептөө менен төлөй алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Бул учурда маалыматтык даректер жана төлөм суммасы сервис аркылуу автоматтык түрдө түзүлөт, болгону транзакциясын ырастоо керек болот. Мындай кызмат салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзөт жана ишкерлердин өздөрүнүн ишин жеңилдетмекчи. Санариптик жаңылыктын дагы бир артыкчылыгы – электрондук платформалар аркылуу мамлекет менен коммуникациянын жана кооперациянын болушу эсептелет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X