Элетке жаңы дем. Чат-Келде заманбап ФАП ачылды

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Сокулук районунун Чат-Кел айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) пайдаланууга берилди.

Медициналык жайдын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн форматта катышып, жаңы объектти расмий түрдө ачты.Возможно, это изображение один или несколько человек и люди занимаются боевыми искусствами

6 орунга ылайыкталган ФАПтын курулушу 2023-жылы башталган. Бүгүн медициналык мекеме заманбап талаптарга ылайык жабдылып, айыл тургундарына кызмат көрсөтө баштады.

Жаңы ФАПта калкка медициналык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Айрыкча аялдарга, балдарга жана улгайган жарандарга медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга басым жасалууда.Возможно, это изображение один или несколько человек и больница

Жаңы медициналык пункт Чат-Кел айылынын тургундары үчүн сапаттуу саламаттык сактоо кызматтарына жакын болууга шарт түзүп, айыл жериндеги медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө дагы бир кадам болду.

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X