Элеттик аялдардын демилгелерин колдоо маселеси парламентте көтөрүлдү
Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин демилгеси менен Элеттеги аялдардын эл аралык күнүнө карата диалог өткөрүлдү.
Иш-чарага аталган кеңештин төрагасынын орун басары Эркеайым Сейтказиева баштаган депутаттар Айгуль Ахмедова, Алтынкуль Мурзакимова, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева, “Биом” экологиянын кыймылынын жана аймактардан келген жамааттардын өкүлдөрү катышты.

Андан тышкары диалогго Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан “Тынчтык булагы- аялдар климаттык жана суу коопсуздугу үчүн” тармагынын мүчөлөрү да чакырылган.
Талкуу маалында суу ресурстарын башкаруудагы аялдардын ролу тууралуу сөз болду. Муну менен катар элеттик аялдардын демилгелерин колдоого алуу боюнча сунуш-пикирлер көтөрүлдү. Тагыраагы, айылдык аялдардын демилгелерин жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги чечимдерге, анын ичинде мыйзам актыларына жана мамлекеттик программаларга интеграциялоого көмөктөшүү зарылчылыгы айтылды.

Алсак, Кыргызстандын айыл жеринде жашаган 2 млн аялдын 35–39%ы айыл чарба тармагында эмгектенет. Бирок алардын 18–20%ы гана фермердик чарбаларды башкарат жана 5-10%ы гана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын башкаруу органдарына жана бассейнддик кеңештерге кирет.
Андан тышкары, жыйында климаттык туруктуулукту сактоо жана бул жааттагы көйгөйлөрдүн алдын алуу маселелери ортого салынды.
Тагыраагы, берилген сунуштар жергиликтүү климаттык пландарды иштеп чыгууга, климат жана суу маселелерин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизүүгө, ошондой эле суу ресурстарын башкарууга аялдардын жана аярлуу топтордун катышуусу жөнүндө мыйзам алдындагы актынын долбоорун илгерилетүүгө багытталган.