Элеттик аялдардын эмгеги даңазаланды

19-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 188

18-июнь күнү Кыргызстанда Элеттик аялдар күнү белгиленип, өлкөнүн бардык аймактарында айыл жергесинде эмгектенип, коомдун өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан айымдарга урмат көрсөтүлдү.

Чүй облусунун 100 жылдыгына жана Элеттик аялдар күнүнө карата Сокулук районунун Белек айылында «100 элеттик айымдын жөө жүрүшү» уюштурулду. Майрамдык иш-чаралар белгилүү коомдук ишмер Суракан Кайназарованын музейинде улантылды.

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Иш-чара З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтү жана Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн колдоосу менен өттү. Анын жүрүшүндө Сокулук районунун билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактарында үзүрлүү эмгектенип жаткан айымдар сыйланып, алардын коомго кошкон салымы белгиленди.

Салтанатта бир катар сыйлыктар тапшырылды. Алардын арасында Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын «Аялдар Кеңеши» бирикмесинин төш белгиси, «Курманжан Датка» медалы, Ыраазычылык каттары, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, «Сары-Өзөн Чүй айымдары» коомдук фонду тарабынан берилген медаль жана Айымкан Жаманкулова атындагы сыйлык бар.

Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Иш-чаранын катышуучулары элеттик аялдардын үй-бүлөдөгү, коомдогу жана өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү ордун белгилеп, алардын эмгегине терең ыраазычылык билдиришти.

Элеттик аялдардын күнү ар бир аймакта жогорку деңгээлде белгиленип, айыл жергесинде эмгектенип жаткан айымдардын жетишкендиктери жана коомго кошкон салымы даңазаланды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X