Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ири соода түйүндөрү аркылуу импорттук алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз саткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылындагы кампалардын биринде 10 миңге жакын жасалма акциздик маркалары бар жалпы суммасы 10 миллион сомго жакын элиталык алкоголдук продукциялар табылган. Бул алкоголдук продукциянын ар биринин баасы Бишкектин базарларында 1000-3000 сомго чейин эсептелинет.
Учурда мамлекетке келтирилген зыянды баалоо, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана сатууга бийлик өкүлдөрүнүн катышуусун аныктоо боюнча тиешелүү чараларды жүргүзүүдө.
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/whatsapp-image-2021-09-07-at-12.14.57.jpeg?v=1631011372″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19527″ class=»wp-image-19527″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/whatsapp-image-2021-09-07-at-12.14.58.jpeg?v=1631011374″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19528″ class=»wp-image-19528″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/whatsapp-image-2021-09-07-at-12.14.58-1.jpeg?v=1631011376″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19529″ class=»wp-image-19529″ />