Эльмира Култаева, Баатыр эне: “Бала тарбиялоодо көптү көрүп, көптү үйрөнөт экенсиң”

19-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 184

Кыргыз элинде энени ыйык тутуп, көп балалуу энелерди урматтоо илгертеден эле өзгөчө бааланып келген. Каарманыбыз– сегиз баланы тарбиялап өстүрүп жаткан, 2023-жылы “Баатыр эне” ордени менен сыйланган ардактуу эне. Эльмира Култаева үй-бүлө, тарбия, энелик жоопкерчилик жана мамлекеттин колдоосу тууралуу маегибизде ой бөлүштү.

— Эльмира айым “Баатыр эне” наамы сиз үчүн эмнени билдирет?

— “Баатыр эне” деп өзү эле айтып тургандай, күчтүү, эрктүү, кыйын энени туюнтат. Бирок мен өзүмдү кыйын энемин десем аша чабып, ашыктык болот. “Баатыр эне” болуп сегиз баланы тарбиялап жаткандан кийин, балдарды татыктуу тарбиялап, аларды илимге-билимге суугарып, эл керегине жараган эр азамат болуп тарбияланышына көптөн-көп аракет көрүп келем. Балдарды туура тарбиялоо жолунда көптү көрүп, көптү үйрөнөт экенсиң.

— “Баатыр эне” наамын качан алдыңыз? Жаш кезиңизде көп балалуу болом деген кыялыңызда бар беле?

— 2023-жылдын 26- майында өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан «Баатыр эне» ордени менен сыйландым. Жаш кезимден эле көп балалуу болууну кыялданчумун. Биз үч бир тууган болуп чоңойдук, байкем жалгыз уул болгондуктан көп кыйналып жалгыздап калаар эле. Көп убакыт өтпөй мен дагы бир үйдүн жалгыз уулуна турмушка чыктым. Жолдошумдун жалгыздыгын билдирбейин деп, ага караан, тирек болсун деп көп балалуу болууну чечтик.

— Балдарды тарбиялоодо эмнеге өзгөчө көңүл бурасыз?

— Балдарды тарбиялоодо, аларды бири- бирине жөлөк, тирек болушун, бири-бирине күйүп, элдин ырыскысын тартып албай, улууга урмат сый көрсөтүп, кичүүгө ызат кылып чоңоюшун каалайм. Кыйын учур болгон күнү жардам көрсөтүп келген адамдарга өз жардамыңарды аябагыла деп кеп кеңешимди берип тарбиялап келем.

— Сизге бала тарбиялоодо кимдер колдоо көрсөтөт?

— Мага балдарыбызды өстүрүп, чоңойтуп чоң салымын кошкон, эң кымбаттум – бул менин жолдошум. Бош убактысында колунан келишинче жардам берип, балдардын кичине чагынан эле кир жуусам кир жуушуп, тамак жасасам, балдарга тамагын берип, балдарды бала бакчага өзү алып барып, чоңойгондо балдарды мектепке жеткизип колума кол, бутума-бут болуп мага жардамдашты. Жолдошума мен абдан ыраазымын, балдарды чоңойтуп, жакшы тарбия берип өстүргөнгө жолдошумдун салымы чоң.

— Мамлекет тарабынан кандай жардам алып жатасыз?

— Азыркы күндө мамлекетибиз тарабынан чоң жардам тийип жатат. Балдарымдын окуусу жана кичинекей балдарымдын бала бакчасына жеңилдетилген шарт каралган. Мындан сырткары жөлөк пул дагы чегерилген. «Баатыр эне» ордени менен сыйлангандан бери мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Айрыкча билим берүү тармагындагы жеңилдиктер чоң колдоо болуп жатат.

— Эртең менен үйүңүздө күн кандай башталат?

— Сегиз балалуу үй-бүлөдө таң эртең менен башталат. Балдарымдын төртөө мектепте окушат, эки балам бала бакчага барышат. Ошондуктан балдарды эртең менен эрте ойготуп, жуунтуп, кийимдерин кийгизип, курсактарын тойгузуп жөнөтөбүз. Андан кийин эки жаштагы кичүү балам менен калып, үй тиричилигин жасайм.

— Ар бир балаңызга өзүнчө көңүл бурууга кантип жетишесиз?

— Ар бир баланын мүнөзү ар башка, бала болгондон кийин кылык жоругу чыгат. Ошондуктан ар бирине өзүнчө мамиле керек. Жолдошум экөөбүз туура түшүнүү менен кабыл алып, алардын жөндөмүн байкап, өнөрлөрүн өстүрүп, өркүндөткөнгө жол көрсөтүп келебиз.

— Энелик жолдо эң оор жана эң кубанычтуу учурларыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

— Кудайга шүгүр, кыйынчылык болгон жок. Оор күндөргө караганда күлкүлүү, жылуу эскерүүлөр көп. Эгиз уулдарым 5-класста окуп жүргөн кезинде “бизнесмен болобуз” деп, шар сатып алышыптыр. Автобуска кирери менен шариктердин жарымы жарылып кетип, калганын сатып келишкен. Ошон күндү азыркыга чейин эстеп күлүп калабыз.

— Балдардын тартибин сактоодо кандай ыкмаларды колдоносуз?

— Балдардын тартибин атабыз жолго койгон. Улуу балабыз Нурелди сен жакшы окуу, тартиптүү балдардан бол, сени көрүп, сенден инилерин тарбия алышат. “Аккан арыктан суу агат” дегендей, атабыз мээнеткеч, боорукер адам эле. Атабыз балдарга талабы “таза жүргүлө, бирөөнүн буюмун албагыла, эч качан калп айтпагыла” дечү эле. Тартипти атабыз бекем кармап келген.

— Балдарыңыз сизге кандай жардам берет?

— Улуу балдарым эркек болсо дагы мага үй жумушуна жардам берип келишет. Бирок, сырттан атасына дагы кол кабыш кылышчу. Ар биринин өздөрүнүн милдеттери бар. Чоң балам каржы жагынан жардам көрсөтсө, эгиздерим бирөөсү тамак жасап, экинчиси балдарды карашат. Балдарым эки канатым, колума кол, бутума бут болушат. Алар атасын тартып мээнеткеч. Эгиз балдарым азыр 7- класста окушат, бир аз чоңоюшса кол арага жарап калышат.

— Өзүңүзгө убакыт табуу мүмкүн болобу?

— Убакыт өткөн сайын эне дагы, ата дагы балдар деп жашап калат экен. Бир аз убакытым болуп калса, балдарды уктата коюп өзүмдүн сүйүктүү “хоббим” менен алектенем. Сайма сайып курак кураганды жакшы көрөм. Эң негизгиси – балдарымдын амандыгын жана ден-соолугун тилеп келем.

Чынара Калматова

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X