Эльвира Сурабалдиева бир катар жарандарга Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева прокуратура, саламаттык сактоо, билим берүү жана полиграфия тармактарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышкан жаран менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кесиптик ишмердүүлүгүнө жана коомдук турмушка кошкон салымы үчүн Марат Турсуналиев, Иван Колпаков, Жоомарт Шамканов, Бекмамат Сурап уулу жана Юлия Пастухова Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Эльвира Сурабалдиева сыйлык ээлерин куттуктап, алардын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.