Эльвира Сурабалдиева Иран элчиси менен кыргыз-иран кызматташтыгын талкуулады

10-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 165
Кечээ, 9-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолгон Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасы бардык чыр-чатактарды эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптеринин негизинде тынчтык жолу менен жөнгө салууну ырааттуу колдой турганын белгиледи.
Мындан тышкары, комитет төрайымы Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышында көрсөткөн колдоосу үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирди.
Ошону менен бирге депутат кыргыз тарап Иран менен саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтты.
Муну менен катар Эльвира Сурабалдиева Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстан үчүн 2026-жылы ШКУга төрагалык кылуу чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.
Өз кезегинде элчи Голам Хоссейн Ядегари кыргыз тарапка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз ара урматтоо жана ишеним принциптерине негизделген эки мамлекеттин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилеп, Иран бардык өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырастады.
10-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 165
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X