Элвира Сурабалдиева ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетин жетектейт

19-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды.

«Адилет Кыргызстан» жана «Элдик» депутаттык топтору аталган кызмат ордуна депутат Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин көрсөтүштү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

19-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X