Эмаком курулуш компаниясы чырдан жабыркаган 3 үй-бүлөгө турак жай куруп берет
Курулуш компаниясы азыр Баткенде үйлөрү өрттөнгөн жарандардын тизмесин алып, кимисине үйдү куруп бер тургандыгын аныктап жаткандыгын билдирди. “3 үйдү бардык шарты менен куруп беребиз. Эгер беш балалуу үй-бүлө болсо, бөлмөлөрү да көп болот”,-дейт курулуш компаниясынын өкүлү.