Эмделбеген мугалимдер окуучулар менен иштей албайт. Бул мажбурлоого жатабы?

27-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 21

Бул тууралуу мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев билдирди. Анын айтымында эмдөө албаган мугалимдерге окуучулар менен иштөөгө уруксат берилбейт. 15-сентябрга чейин мугалимдердин 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү зарыл. “Бул аракеттер боюнча коомчулукта «мугалимдерди эмдөөгө мажбурлоодо, эмдөө албагандарга маянасын берилбейт экен» деген ар кандай кептер айтылууда. Эч ким мажбурланган жок. Болгону эмдөөдөн өтпөгөн мугалимдерге окуучулар менен иштөөгө уруксат берилбейт. Анткени билим берүү тармагында эмгектенгендер коомдун эң аяр катмары болгон балдар менен иштеп жатканын эске алышы керек. Мына быйыл 156 миң 430 бала биринчи класска кабыл алынганы турат. Бул чоң жоопкерчилик, тийиштүү даярдыктар көрүлүшү шарт», — деди Усеналиев.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X