Эмгек кайда бааланса, агым ошол жакка күчөйт
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миграция маселеси коомдун эң талуу маселелеринин бири. Бир жагынан миңдеген кыргызстандыктар жакшы жумуш жана жогорку айлык издеп чет өлкөлөргө кетип жатса, экинчи жагынан өлкөгө Өзбек-стан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Бан-гладеш жана башка мамлекеттерден келип иштегендердин саны өсүүдө. Алгач караганда бул карама-каршы көрүнүш сыяктуу сезилиши мүмкүн. Бирок адистердин пикиринде, бул дүйнөлүк эмгек рыногундагы мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Эмгек миграциясы – жакырчылыктын же жумушсуздуктун гана натыйжасы эмес. Бул биринчи кезекте адамдардын өз эмгегин кымбатыраак баада сатууга болгон аракети. Башкача айтканда, адам өзү үчүн эң пайдалуу болгон эмгек рыногун тандайт.
Кыргыздар эмне үчүн чет өлкөгө кетүүдө?
Улуттук статистикалык маалыматтарга ылайык, жүз миңдеген кыргызстандыктар эмгек миграциясында жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда эмгектенет. Мындан тышкары Казакстан, Түркия, Түштүк Корея, Германия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз бар. Мигранттар негизинен курулуш тармагында, өндүрүштө, кампаларда, жеткирүү кызматтарында, коомдук тамактануу жайларында, тейлөө секторунда жана транспорт тармагында эмгектенишет. Айрымдары чакан бизнес жүргүзүп,
соода-сатык менен алектенет.
Экономисттердин айтымында, кыргызстандыктардын сыртка кетүүсүнүн негизги себеби – жумуштун жоктугу эмес, эмгек акыдагы айырма болуп саналат. Мисалы, Бишкекте курулуш тармагындагы адис орточо эсеп менен 60–80 миң сом тапса, Россиянын ири шаарларында ошол эле жумуш үчүн 120–200 миң сомго чейин киреше табууга мүмкүнчүлүк бар. Айдоочулар, ширетүүчүлөр, электр монтаждоочулар жана башка техникалык адистер үчүн дагы ушундай айырмачылыктар сакталууда. Ошондуктан көпчүлүк жарандар үй-бүлөсүн багуу, турак жай алуу, насыя төлөө же балдарынын келечегине каражат топтоо максатында эмгек миграциясын тандашат.
Бизге келген эмгек мигранттарынын саны өсүүдө
Акыркы жылдары Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчулардын саны көбөйүп жатканы байкалууда. Өзгөчө курулуш, тигүү өндүрүшү, айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу тармактарында чет өлкөлүк жарандар эмгектенүүдө. Мунун дагы өзүнүн объективдүү себептери бар. Биринчиден, акыркы жылдары Кыргызстанда курулуш тармагы активдүү өнүгүп жатат. Бишкекте жана аймактарда көп кабаттуу үйлөр, жолдор, социалдык объектилер курулуп, жумушчу күчүнө болгон суроо-талап өстү. Экинчиден, кыргыз жарандарынын бир бөлүгү чет өлкөгө кеткендиктен, айрым тармактарда кадр тартыштыгы жаралууда. Мындай шартта иш берүүчүлөр жумушчу күчүн коңшу өлкөлөрдөн тартууга аргасыз болуп жатышат.
Үчүнчүдөн, Кыргызстандагы айрым эмгек акылар Өзбекстан, Тажикстан же Бангладеш сыяктуу мамлекеттердеги орточо кирешеден жогору болушу мүмкүн. Натыйжада Кыргызстан дагы белгилүү деңгээлде эмгек мигранттарын кабыл алган өлкөгө айланып баратат. Бул жакшы көрүнүш.
Маселе жумуштабы же айлыктабы?
Көпчүлүк учурда миграциянын себеби жумушсуздук деп айтылат. Бирок адистер бул пикирге толугу менен кошулбайт. Себеби, бүгүн Кыргызстанда көптөгөн бош жумуш орундары бар. Маселе ошол орундардын баары эле жарандардын күткөн кирешесин камсыздай албай жатканында.
Мындан тышкары эмгек рыногунда дагы бир көйгөйлөрдүн бири – квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги. Иш берүүчүлөр көп учурда тажрыйбалуу адистерди табууда кыйынчылыкка туш болушат. Ошол эле учурда жумуш издеген адамдардын арасында заманбап талаптарга жооп берген кесиптик көндүмдөр жетишсиз болуп жатат.
Диплом эмес, кесип бааланган доор
Эмгек рыногунда акыркы жылдары маанилүү өзгөрүүлөр болууда. Эгер мурда жогорку билим негизги артыкчылык болуп саналса, бүгүн практикалык көндүмдөр биринчи орунга чыкты. Мисалы, божомол менен электрик 40 миңден 80 миң сомго чейин, ширетүүчү — 50 миңден 100 миң сомго чейин, курулуш устасы 50 миңден 120 миң сомго чейин, экскаваторчу жана оор техника айдоочусу 60 миңден 120 миң сомго чейин, ашпозчу 40 миңден 90 миң сомго чейин, сантехник 40 миңден 80 миң сомго чейин, тигүүчү — 35 миңден 80 миң сомго чейин, IT адистери — 60 миң сомдон башталып, тажрыйбасына жараша бир нече жүз миң сомго чейин киреше табышы мүмкүн. Бул көрсөткүчтөр квалификациялуу адис үчүн Кыргызстанда деле татыктуу киреше табууга мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөт.
Миграцияны кантип азайтууга болот?
Миграцияны административдик жол менен токтотуу мүмкүн эмес. Анткени эмгек миграциясы дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде болуп келген жана боло бере турган көрүнүш.
Бирок, анын көлөмүн азайтуу үчүн бир нече негизги багыттар маанилүү: өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто бизнести колдоо, кесиптик-техникалык билим берүүнү күчөтүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жогорку кошумча нарк жараткан тармактарды өнүктүрүү.
Экономиканын өнүгүшү менен эмгек акы дагы акырындык менен өсөт. Ошондо жарандар үчүн өз өлкөсүндө иштеп, үй-бүлөсүнүн жанында жашоо көбүрөөк пайдалуу болмок.
Тигүү тармагындагы кадр маселеси
Тигүү тармагынын ишкери Тилек Сапарбаевдин айтымында, акыркы жылдары жергиликтүү кадрлардын жетишсиздиги жана эмгек тартибине байланышкан көйгөйлөр күчөп жатат. Мындан улам айрым ишканалар чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга кызыкдар болууда.
Анын белгилешинче, Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары жумушка так жана жоопкерчиликтүү мамиле жасап, эмгек тартибин так сакташат. Ошондуктан көптөгөн тигүү цехтери аларды ишке алууга аракет кылышат.
«Тигүү ишканаларында бардык шарттар түзүлгөн, эмгек акы өз убагында төлөнөт. Бирок айрым жергиликтүү кызматкерлер себепсиз жумушка келбей же эскертүүсүз башка жерге өтүп кеткен учурлар кездешет. Ошол эле адамдар чет өлкөгө барганда тартипти так сактап, жоопкерчилик менен иштешет», – дейт ишкер. Анын пикиринде, бүгүнкү күндө тармак үчүн негизги маселелердин бири – квалификациялуу кадрларды даярдоо жана эмгек маданиятын жогорулатуу.
Жыйынтыктап айтканда
Бүгүнкү миграциялык процесстер Кыргызстандагы экономикалык абалдын жана эмгек рыногунун реалдуу көрүнүшүн көрсөтүп турат. Миграция агымдары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн, эмгекке болгон суроо-талапты жана калктын жашоо деңгээлин чагылдырган маанилүү көрсөткүчкө айланды. Бүгүн кыргыздар чет өлкөгө жумуш издеп кетип жатканда, Кыргызстан өзү да чет элдик жумушчу күчүн тартып жаткан өлкөгө айланып бара жатат. Бул көрүнүш өлкөдөгү эмгек рыногунун жаңы баскычка өткөнүн көрсөтөт.
Бул дүйнөлүк эмгек рыногунун мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Демек, миграциянын түпкү себеби жумуштун жоктугунда эмес, эмгектин баасында, өндүрүмдүүлүктө жана адистик деңгээлде жатат. Ошондуктан келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү экономика куруунун эң маанилүү шарты — сапаттуу билим, күчтүү кесип жана заманбап өндүрүш болуп саналат.
Бактыгүл Кулатаева