Эмгек мигранттары пенсиялык камсыздандырууга эми онлайн кошула алышат

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Миграция 77

Кыргызстандын чет өлкөдө жүргөн жарандары эми мамлекеттик органдарга барбастан, ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга аралыктан кошула алышат.

Мамлекеттик салык кызматы эмгек мигранттары үчүн электрондук камсыздандыруу полисин онлайн алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн билдирди.

Кызматты колдонуу үчүн жарандар «Түндүк» мобилдик тиркемесине катталып, андан кийин Салык төлөөчүнүн жеке кабинетине «Түндүк» платформасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу кире алышат.

Жеке кабинетте ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 10%, 8% жана 2% өлчөмүндөгү үч тарифи сунушталат. Колдонуучу өзүнө ылайыктуу тарифти тандап, электрондук камсыздандыруу полисин алып, төлөмдү Visa, Mastercard же «Элкарт» карталары аркылуу онлайн жүргүзө алат.

Маалыматтарды текшерүү Социалдык фонддун маалыматтык системалары менен интеграцияланган электрондук система аркылуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Жаңы санариптик кызмат Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд, «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жана «Түндүк» ААКтын «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагындагы биргелешкен ишинин натыйжасында ишке кирди.

Эми эмгек мигранттары кайсы өлкөдө жүрбөсүн, ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга онлайн кошулуп, электрондук полисти аралыктан ала алышат.

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Миграция 77
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X