Эмгек мигранттары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр. Кыргызстан менен Россия квалификацияны таануу боюнча келишти

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 174

Кыргызстан менен Россия эмгек миграциясы жаатында кызматташууну кеңейтип, чет өлкөдө иштей турган жарандарды даярдоо жана алардын кесиптик квалификациясын тастыктоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзөт.

Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарын даярдоо жана алардын кесиптик квалификациясын тастыктоо багытында кызматташууну өнүктүрөт.

Бул тууралуу КР Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунда өткөн жолугушууда талкууланды.

Жолугушууга Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик органдарынын, иш берүүчүлөрдүн, кадр даярдоо жана жумушка орноштуруу тармагындагы өкүлдөрү катышты.

Тараптар эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдоо, жарандардын кесиптик жөндөмүн баалоо жана алардын квалификациясын таануу маселелерин карашты. Ошондой эле ширетүүчүлөр сыяктуу техникалык адистерди даярдоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрү эмгек миграциясы, адистерди даярдоо жана квалификацияны таануу багытында кызматташууну өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту.

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 174
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X