Эмгек министрлиги «Бала ырысы» жөлөкпулу боюнча эң көп берилген суроолорго жооп берди

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 223

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып арыздарды кабыл алуу башталган жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулун дайындоо тартиби боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, жөлөкпул Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылман макамы бар, үч жашка чейинки балдарды тарбиялап жаткан адамдарга берилет. Негизги шарттардын бири – бала жөлөкпул алуучу менен бирге жашашы керек.

Жөлөкпулдун өлчөмү үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сомду түзөт. Айрым калктуу конуштарда төлөм райондук коэффициенттерди эске алуу менен жүргүзүлөт.

Арызды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот. Электрондук кызматты колдонууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар документтерди министрликтин аймактык башкармалыктарына тапшыра алышат. Документтер толук болгон учурда арыз кайрылган күнү каралып, жөлөкпул автоматтык түрдө дайындалат.

Министрлик белгилегендей, «Бала ырысы» жөлөкпулу үй-бүлөнүн материалдык абалына, «Социалдык контракт» программасына катышуусуна жана мамлекеттик жөлөкпулдардын көпчүлүгүн алуусуна карабастан төлөнөт. Өзгөчө учур катары бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына берилүүчү ай сайынкы жөлөкпул эсептелет. Жаран кааласа, ал төлөмдөн баш тартып, анын ордуна «Бала ырысы» жөлөкпулун жол-жоболоштура алат.

Үч жашка чейинки бир нече баласы бар үй-бүлөлөрдө ар бир балага өзүнчө жөлөкпул дайындалат. Арызды ата-энесинин бири, асырап алуучу, камкорчу же ишеним каттын негизинде өкүлү бере алат. Нике тууралуу күбөлүк талап кылынбайт, ошондуктан жөлөкпул жалгыз бой жана ажырашкан ата-энелер үчүн да жеткиликтүү.

Ошондой эле, эгер атасы чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрүп, бала энеси менен Кыргызстанда жашаса, мындай үй-бүлө да жөлөкпул алууга укуктуу. Ал эми бала да, жөлөкпул алуучу да туруктуу түрдө Кыргызстандын аймагынан тышкары жашаса, төлөм дайындалбайт.

Жөлөкпул мамлекеттик «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» аркылуу төлөнөт. Министрликтин маалыматына ылайык, келечекте дагы 13 коммерциялык банкты мамлекеттик маалыматтык системага туташтыруу пландалууда.

Кошумча маалымат жана кеңештерди министрликтин аймактык башкармалыктарынан же 111 Балдар үчүн ишеним телефону аркылуу алууга болот.

«Бала ырысы» жөлөкпулу боюнча кеңири маалымат жана эң көп берилген суроолорго жооптор министрликтин расмий сайтындагы «Көп берилүүчү суроолор» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X