Эмгек министрлиги коррупцияга каршы чараларды күчөтүп жатканын билдирди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды өздөрүнө белгилүү болгон коррупциялык фактылар тууралуу 1966 ишеним телефону аркылуу билдирүүгө үндөдү.
Министрликтин маалыматына ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү багытында укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуу улантылат. Ошондой эле мамлекеттик органдарда санариптик чечимдерди киргизүү, ички көзөмөлдү күчөтүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү иштери жүрүп жатат.
Ведомство жарандардын активдүү жарандык позициясы коррупцияга каршы күрөштүн маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, коомчулукту бул багытта тыгыз кызматташууга чакырды.