Эмгек министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы техникалык макулдашууга кол коюшту
2026-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү жана өлкөлүк директору Коджиро Накай жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, калкты социалдык жактан коргоо жана калктын аярлуу катмарларын колдоо багытындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы кызматташтык 2009-жылдан бери ийгиликтүү улантылып келет. Бул аралыкта азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, жакырчылыкты кыскартуу, ошондой эле калктын климаттын өзгөрүшүнө жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерине туруктуулугун жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды.
Тараптар өзгөчө көңүлдү социалдык колдоонун «эмгек/окуу үчүн азык-түлүк» инструментине жана «социалдык контракт» программасына бурушту. Аталган механизмдер аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоодо натыйжалуу экендигин көрсөтүп, калк арасында жогорку суроо-талапка ээ болууда. Ошондой эле программалардын катышуучулары жергиликтүү деңгээлде инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүүгө өз салымдарын кошуп жатышканы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну караган Техникалык макулдашууга кол коюшту.
Кол коюлган документ социалдык колдоо системасын мындан ары өркүндөтүүгө, жакырчылыкты азайтуу боюнча иш-чараларды күчөтүүгө жана ишкерлердин катышуусу менен социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү механизмин пилоттук түрдө апробациялоого багытталган. Мындан тышкары, макулдашуунун алкагында «акы төлөнүүчү коомдук жумуштар» жана «эмгек үчүн азык-түлүк» долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу, жеке ассистенттерге азык-түлүк жардамын көрсөтүү, ошондой эле социалдык контракт программасынын катышуучулары үчүн окутуу долбоорлорунун натыйжалуулугун жогорулатуу каралган.
Тараптар мындан ары да кызматташтыкты кеңейтүүгө жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарларын колдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.