Эмгек министрлиги менен Швейцариянын SDC кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулашты
2026-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Камчыбек Досматов Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин (Swiss Agency for Development and Cooperation (SDC)) жана Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө иш менен камсыз кылуу жана эмгек рыногунун көндүмдөрүн өнүктүрүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.
Тараптар учурдагы долбоорлордун жүрүшүнө баа берип, калкты жумуш менен камсыз кылууну жогорулатуу, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана эмгек миграциясын жөнгө салуу багыттарында кызматташууну тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, келечектеги биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даярдык билдирилди.