Эмгек министрлиги Токмоктогу психоневрологиялык мекеме боюнча маалымат берди

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 112

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Токмок шаарындагы №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан маалымат Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан 2026-жылдын 19-майында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жыйынтыгына тиешелүү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия мекемедеги жашоо шарттары менен таанышып, социалдык кызмат алуучулар менен жекече маектешкен. Министрликтин билдиришинче, текшерүү маалында мекеменин жашоочулары тарабынан жашоо шарттарына же мекеменин ишине байланыштуу эч кандай даттануу болгон эмес.

Ошол эле учурда текшерүү күнү кызматтык турак жайлардын биринин аймагында канализация түтүгүнүн бүтөлүшүнөн улам саркынды суу топтолгону аныкталган. Бул маселе боюнча мекеменин администрациясы Токмок шаардык мэриясына кайрылып, атайын техниканын жардамы менен канализация системасы кыска мөөнөттө тазаланган.

Министрлик ошондой эле мекеменин инфраструктурасын жаңылоо иштери пландын негизинде жүргүзүлөрүн билдирди. Ага ылайык, 2026-жылы төрт кабаттуу турак жай корпусу менен тамак-аш блогунда капиталдык оңдоо башталат. Ал эми 2027-жылы канализация системасын алмаштыруу жана кызматтык батирлердин чатырын капиталдык оңдоо пландалууда.

Ведомство белгилегендей, мекемедеги абал туруктуу көзөмөлдө болуп, социалдык кызмат алуучулардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча иштер этап-этабы менен улантылат.

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X