Эмгек рыногунда 8,4 миң бош жумуш орду бар

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 135

Кыргызстанда жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча иштер уланууда. 2026-жылдын башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жардамы менен 7 миңден ашуун жумушсуз жаран жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүндө 60 миң 585 жумушсуз жана жумуш издеген жаран каттоодо турат. Алардын 34 миң 317си жаштар. Ал эми расмий жумушсуз макамын 37 миң 886 адам алган.

Министрликтин маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 16 миң 106 бош жумуш орду сунушталган. Учурда эмгек рыногунда 8 миң 450 бош орун бар. Алардын басымдуу бөлүгүн жумушчу кесиптер түзөт.

Жарандардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 3 миң 451 жумушсуз адам кесиптик окутууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жөнөтүлгөн.

Окутуулар ашпозчу, тигүүчү, бухгалтер, чач тарач, автоэлектрик, сантехник, электр-газ ширетүүчү, дизайнер жана башка талап кылынган кесиптер боюнча өткөрүлүүдө.

Мындан тышкары, акы төлөнүүчү коомдук иштерге 9 миң 669 жаран тартылып, убактылуу иш менен камсыз болду.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылган. Аларга жумуш издөө, эмгек мыйзамдары, кесип тандоо жана кесиптик окутуу боюнча кеңештер берилген.

Эмгек министрлиги жарандар иш менен камсыз кылуу кызматтары аркылуу жумушсуз катары каттоого туруп, бош орундарды тандоо, кесиптик окуудан өтүү жана «Жаштардын стажировкасы» программасына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин эскертти.

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 135
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X