Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды төлөөдө акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып алуу боюнча коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө маалыматтар алынган.
Ыкчам-иликтөөнүнүн жүрүшүндө 2021-2022-жылдарга карата Аламүдүн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүндө аудит жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.
Аламүдүн райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү документтерди жасалмалоо жолу менен 9 млн. 52 миң 926 сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды мыйзамсыз өздөштүрүшкөн. Алар башкы бухгалтер Б.А.Б., бухгалтерлер Д.Ж.А., А.Т.кызы, М.Н.Т., К.А.Ш., социалдык кызматкер С.Д.Т. жана социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери Т.Г.Т. жана А.Д.У. экендиги такталган.
Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында күнөөлүүлөр КРнын кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылат.