Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.
Жаңы мыйзамга ылайык, депутаттар негизги кызматынан тышкары педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенип, бул иштер үчүн мыйзамдуу негизде сый акы ала алышат.
Ошол эле учурда мындай ишмердүүлүк парламенттин жалпы жыйындарынын, комитеттердин, комиссиялардын жана депутаттык бирикмелердин отурумдарынан бош убакытта гана жүргүзүлүшү керек.
Мыйзамда педагогикалык жана илимий ишмердүүлүк билим берүү жана илим тармагындагы мыйзамдарга ылайык аткарылган иштер катары аныкталган. Ал эми чыгармачылык ишмердүүлүк илим, адабият жана искусство жаатындагы чыгармаларды жаратуу жана пайдалануу менен байланыштуу экени белгиленген.
Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр депутаттардын кошумча ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзамдардагы так эместиктерди жоюу максатында кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.