Жеке ишкерлер cabinet.salyk.kg сайты аркылуу кайра каттоого онлайн арыз бере алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлап, жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоо кызматы ишке киргендигин билдирди.
Жаңы сервис аркылуу юридикалык даректи өзгөртүү, салыктык каттоо районун алмаштыруу, салык режимин жана реквизиттерин жаңыртуу, ошондой эле ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн кошуу мүмкүн болот.
«Мындан ары жеке ишкерлерге кайра каттоо үчүн салык органдарына жеке кайрылуунун зарылдыгы жок.
Арызды кароо мөөнөтү мурда эки-үч жумушчу күн болсо, эми болгону 5–10 мүнөттү гана талап кылат.
Кызмат күнү-түнү — 24/7 режиминде иштейт. Ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн каалаган бурчунан жеткиликтүү. Жеке ишкерлерди кайра каттоо процесси толугу менен автоматташтырылган», – деп жазылат маалыматта.
Аталган сервис Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин демилгеси менен, «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында 100 күндүн ичинде ишке ашырылды.

