КР БЮДЖЕТИ ТРИЛЛИОН СОМДОН АШАТ

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 82

Жыл соңунда коомчулукта «2026-жылга карата Кыргыз Республикасынын бюджети триллион сомдон ашат» деген маалыматтар кызуу талкууланууда. Айрым адамдар муну экономикалык ийгилик катары бааласа, бир тарабы “бул акча элге чындап жетеби же кагаз жүзүндөгү санбы?” деген суроону коюшууда. Чынында, бул маалыматтын канчалык чындыгы бар жана триллион сомдук бюджет эмненин эсебинен калыптанууда? Триллион сом деген мифпи же реалдуулукпу? Келиңиздер, чогуу саресеп салып көрөлү. Расмий эсептерге ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети (республикалык + жергиликтүү бюджеттер) тарыхта биринчи жолу 1 триллион сомдон ашты. Ушул тенденция сакталса, 2026-жылы да бюджеттин көлөмү триллион сомдун чегинен төмөндөбөйт деген божомол бар. Демек, “триллион сомдук бюджет” – бул саясий ураан эмес, акыркы жылдардагы бекем тартиптин негизинде көзөмөлгө алынган фискалдык саясаттын натыйжасында ишке ашкан реалдуу көрсөткүч.

БЮДЖЕТ ЭМНЕНИН ЭСЕБИНЕН ӨСҮҮДӨ?

Республикалык бюджеттин кескин өсүшү бир нече негизги фактор менен түшүндүрүлүүдө. Биринчиден, салыктык кирешелердин көбөйүшү. Акыркы жылдары бажы жана салык кызматтарында администрациялоо күчөтүлүп, көмүскө экономиканы азайтуу чаралары көрүлдү. Натыйжада кошумча нарк салыгы, акциздер жана киреше салыктары бюджеттин негизги булагына айланды. Экинчиден, салыктык эмес кирешелердин өсүшү. Улуттук банктын пайдасынын бир бөлүгүн бюджетке которуу, мамлекеттик ишканалардын дивиденддери жана айрым төлөмдөрү бюджетке олуттуу кошумча каражат алып келүүдө. Үчүнчүдөн, тышкы факторлордун салымы. Эл аралык гранттар, инвестициялык долбоорлор жана өнүктүрүү фонддору аркылуу капиталдык чыгашалар көбөйүүдө. Бул каражаттар түздөн-түз бюджеттин көлөмүн чоңойтуп жатканы маалым. Төртүнчүдөн, экономикалык өсүштөр. ИДПнын өсүшү салыктык базанын кеңейишине шарт түзүп, бюджетке түшкөн каражаттардын көлөмүн арттырууда.

ПРОФИЦИТ ДЕГЕН АРТЫКЧЫЛЫКПЫ?

Акаевдин бийлигинин акыркы фазасында да HIPC демилгесине даярдык, ЭВФ менен макулдашылган катуу фискалдык тартип, чыгымдарды кыскартуу, социалдык программаларды “тоңдуруу” эсебинен айрым жылдары бюджет нөлгө жакын же майда профицит менен кабыл алынган учурлар болгон. Бирок бул суроо-талаптан “акча ашып калды” дегенди билдирген эмес. Эмне үчүн “профицит” деп көрсөтүлгөн? Ал убакта профицит көбүнчө мамлекеттик карызды тейлөөгө акча топтоо, ЭВФ талап кылган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү сактоо, бюджетти дүйнө коомчулугуна формалдуу тең салмакта көрсөтүү үчүн колдонулганы маалым. Башкача айтканда, профицит – элге бөлүштүрүүчү финансы ресурсу эмес, кредиторлорго ишеним сигналы катары колдонулган. 2026-жылга карата бюджет долбоорлорунун профицит менен кабыл алуу планы – бул чоң социалдык резерв эмес, негизинен бюджеттик тең салмактуулукту сактоого багытталган техникалык көрсөткүч. Ошондуктан профицитти “элге бөлүнчү ашыкча акча” катары кабыл алуу туура эмес. Негизги маселе – бюджеттин көлөмүндө эмес, анын кантип жана кайда натыйжалуу жумшаларынa байланыштуу.

ТРИЛЛИОН СОМ ЭЛГЕ ЖЕТЕБИ?

Мына ушул суроо коомчулук арасында абдан маанилүү маселеге айланып турат. Тажрыйба көрсөткөндөй, бюджеттин көлөмү чоң болгону менен анын пайдасын эл дайыма эле сезе бербейт. Себеби, чыгашалардын олуттуу бөлүгү борборлошкон ири долбоорлорго жумшалат. 2020-жылга чейин аймактарга каражат жеткирүү механизми ар дайым ачык жана адилеттүү болгон эмес. Мамлекеттик сатып алуулардагы натыйжасыз иш-аракеттер, коррупциялык тобокелдиктер каражаттын “жолдо жоголушуна” алып келген учурлар көп болгон. Эгер бюджеттин өсүшү социалдык кызматтардын сапатына – медицина, билим берүү, таза суу, жол, жумуш орундарына – түз натыйжалуу таасир бербесе, триллион сом эл үчүн статистикалык гана сан болуп кала берет.

Адистердин пикирине таянсак, триллион сомдук бюджет чындап элге иштеши үчүн бир нече шарттарга көңүл буруу зарыл: Биринчиден, жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн трансферлер (Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн акча каражаттары) так формула менен, калктын санына жана муктаждыгына жараша жүргүзүлүшү керек. Экинчиден, мамлекеттик сатып алуулар толук ачык болуп, коомдук жана медиалык көзөмөл күчөтүлүшү зарыл. Үчүнчүдөн, бюджеттин өсүшү биринчи кезекте социалдык тармактарга жана региондор аралык тең салмактуулукка багытталышы шарт. Төртүнчүдөн, ири инвестициялык долбоорлор жергиликтүү жумуш орундарын түзүүгө жана реалдуу экономикалык эффект берүүгө милдеттүү.

Кыргызстандын бюджети 2026-жылга карата триллион сомдон ашары – реалдуу көрүнүш. Бул экономикалык активдүүлүктүн, фискалдык тартиптин бекемделишинин жана киреше булактарынын кеңейишинин натыйжасы. Бирок бюджеттин көлөмү – максат эмес, курал гана. Эгер бул каражаттар ачык, адилеттүү жана натыйжалуу пайдаланылбаса, триллион сом да элдин жашоосунда олуттуу өзгөрүү жарата албай калышы мүмкүн. Ошондуктан эл тарабынан коюлуп келген негизги суроо, бюджетте канча акча бар экенинде эмес, ошол бюджеттик каражат элге кандай жол менен жеткирилет? Эл – мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүнө кандай салым кошот? Мына ушул суроонун айланасында иш алып баруу эң орчундуу маселелердин бири.

Бахпурбек Аленов

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 82
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X