Эмилбек Орозбаев: Чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар кыргыз ишкерлери көбөйүүдө…

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 90

Өкмөт алдындагы жаңыдан түзүлгөн тармакты Эмилбек Баатыралиевич алгачкы түзүмүн, структурасынын кышын алгач кынаптаган, бардыгын “нөлдөн баштаган” туңгуч жетекчиси — Эмилбек Орозбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору  экенин көпчүлүк биле бербейт. Мамлекет жетекчилиги дагы анын отуздан эми оогон жаштыгына карабай жаңыдан түзүлгөн тармактын “эки тизгин, бир чылбырын” карматып, бир эсе опурталдуулукка барганы бүгүн мезгилдин өтүшү менен туура кадам болгону ырасталууда. Биздин бир байкаганыбыз, ушул багыт, ушул жүрүшүнөн жанбаса, Эмилбек Баатыралиевич келечекте алыска чуркачудан. Эмесе, жаңы муундагы, жаңы формациядагы, прагматикалык деңгээлде ой жүгүрткөн заманбап жетекчинин аркалаган иши менен келечек пландары тууралуу жандуу маанайдагы кеңири маегибизге бирге назар салыңыздар.

— Эмилбек Баатыралиевич, өзүңүз башында турган Жашыл энергетика фондунун Кыргызстанга кылган тикелей милдеттери тууралуу көпчүлүккө жеткиликтүү маалыматтардын аздыгы сизди кабатырлантпайбы? Сиз жетектеген тармактын ишмердүүлүгү тар чөйрөгө гана белгилүү болгону менен көпчүлүк катмарга анчейин деле белгисиз экенин моюндайсызбы? Алгачкы кепти сиздердин өлкөгө кылган кызматтык милдеттериңиздер боюнча баштасак…
— Эң оболу мен жетекчи катары журналисттер журтчулугуна ыраазычылык билдирем. Жаш, жаңыдан бутуна туруп келаткан биздин тармактын ишмердүүлүгүнө сиздердин кызыгууңуздар күч болсо, демек, ишибиз коомчулукка дагы туура багытта чагылдырылып, элибизге кенен маалымат жетет деп ойлойм. Министрлер Кабинетине караштуу биздин Жашыл энергетика фондунун алгачкы түптөлүү тарыхы 2022-жылдын ноябрь айына барып такалат. 4 жылга аяк ташталган биздин түптөлүү тарыхыбыздын негизги максаты Кыргызстанда электр энергиясынын кайра жаралуучу булактарына багытталган, тагыраагы, электр тогун өндүрүүчү күн, шамал станцияларына, чакан ГЭСтерге жер тилкелерин бөлүп берүү, аларды каржылоо, дал ушул жаатта биздин өлкөгө кызыгуу менен келе жатышкан инвесторлорго көмөк көрсөтүү, андай катмардагы меймандарыбыздын мамлекетибиздеги мыйзам чегиндеги иштерине жакындан жардам берүү, алар менен биргеликте “Бирдиктүү терезе” механизми аркылуу биргелешип жумушту алып баруу тикелей кызматтык милдеттерибизге кирет.

— Албетте, сиздердин фонддун тикелей милдеттери сөз жүзүндө абдан жакшы угулат экен. А иш жүзүндө 4 жыл аралыгында Кыргызстанда кагазда жазылган кандай асыл максаттарыңыздарды жүзөгө ашыра алдыңыздар?
— Ушу тапта биздин фонддо өлкөбүздөн электр энергиясын өндүрүү боюнча 84 атайын долбоорлорубуз бар. Дал ушул 84 долбоордун ичинен 61и өлкөбүздүн аймагына чакан ГЭС куруу, шамал станциясынан 2ни куруу, ал эми калган 21 долбоор күн станциясын куруу болуп саналат. Ушул жерден баса белгилей кетүүчү жагдай, 4 жылдык тарыхыбызда иш жүзүнө ашкан долбоорлорубуз дагы болбой койгон жок. Маселен, өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстанда алгачкы ирет Чүй облусунун Кемин районунда 100 мегаваттык күн электр станциясы ишке кирген. Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын июнь айында Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин жеке өзүнүн катышуусунда Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында 175 мегаваттык күн электр станциясы ачылды. Бул долбоорду Вьетнамдык “ROX Group” компаниясы ишке ашырды. Жакында 31-август Эгемендүүлүктүн 35 жылдык майрамыбыздын урматына карай Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына 100 мегаваттык күн электр станциясын ишке бердик. Тору-Айгыр айылына ачылган бул станцияны россиялык “Бишкек Солар” компаниясы алгачкы фазасын гана ишке ашырып, элибизге кубаныч тартуулашты. Эгерде аталган долбоор толук кандуу жүзөгө ашса кубаттуулугу жалпы жонунан 300 мегаватт болмокчу. Жогоруда сөзүмдө вьетнамдык “ROX Group” компаниясы дагы Кызыл-Өрүк айылында 175 мегаваттык күн электр станциясын ишке киргизишкени тууралуу айтпадымбы. Бул долбоор алардын күн станциясы боюнча жүзөгө ашырган биринчи фазасы болуп эсептелет. Алар демилгелеген бүтүндөй долбоор ишке ашса жалпы кубаттуулугу 1900 мегаватт ишке берилмекчи. Булардан сырткары өлкөбүздүн түштүк аймагындагы Таш-Көмүр шаарында 5 мегаваттык күн электр станциясы ишке берилгенин жалпы элибиздин сүйүнүчү катары кабылдасак болот. Аныгында күн электр станциялары боюнча учурда өлкөбүздүн көпчүлүк аймактарын камтыган абдан көп долбоорлорубуз бар.

— Чакан ГЭСтер боюнча долбоорлор дагы күн электр станциясы сыяктуу көбөйүп жатабы?
— Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ушул тапта өлкөбүздүн аймагында курулуп жаткан жана курулушу аяктап, ишке кирген чакан ГЭСтердин саны дагы барган сайын аябай көбөйүүдө. Баарынан кубанычтуусу, Кыргызстанга чакан ГЭСтерди курууга дилгир болгон инвесторлор өзүбүздөн чыккан кыргыз ишкерлери болушууда. Өзүбүздүн жарандар өлкөбүзгө чакан ГЭСтерди курууга бел байлап жатышса, анан кантип кубанбайсың? Керек болсо мындай көрүнүшкө тумагыбызды көккө ыргытып мактансак да жарашат. Мунун өзү өлкөбүздө оң жылыштар көп болуп, ишкерлерибиздин “ити чөп жеп”, экономикалык жактан кубаттуу боло баштаганыбыздын айкын далили десем болот.

— Сиздердин тикелей колдооңор менен ишке ашырылып жаткан жогорудагыдай станциялардан өндүрүлгөн продукциялар өлкөдөгү электр энергиясынын канча пайыздык тартыштыгын толтура алат? Дегеле ушундай өндүрүштөрүбүз менен энергетика жаатындагы толбогон торбобузду толтура алабызбы?
— Азыр өлкөбүздө жылына жүздөгөн завод-фабрикалар ишке берилип, МИК аркылуу он миңдеген батирлер салынууда. Майда-барат чакан өндүрүш цехтерин айтпай ак койгондо дагы аймактарыбызда жүздөгөн кичи ишканалар биринин артынан бири ачылууда. Элибиздин саны өскөндүктөн бала бакча, мектеп баштаган социалдык имараттар Кыргызстанда жылына жүздөп, миңдеп салынып жатат. Спорттук ареналардын курулуштарычы? Ушул сыяктуу ар бир өндүрүшкө “чу” дегенде эле алгач электр энергиясы талап кылынат. Ошондуктан, биз дагы өлкөдөгү өсүш алган өндүрүшкө удаа электр энергиясынан генерация (электрди өндүрүүнү) киргизбесек, эртең бул жагынан анык таңкыстыкка кептелебиз. Биз азыркыдай ачылыштарыбыз менен дагы эле энергетикадагы таңкыстыктан арыла албай, кошуна өлкөлөрдүн импортуна көз каранды болуудабыз. Ачык айтканда өлкөбүздө өрүш алган өндүрүштү кууп жете албай жатабыз. Ал эми Кыргызстанда электр энергиясына болгон талап күндөн-күнгө күч алууда. Мен сиздерге жөнөкөй гана салыштырууну кыскача баяндап берейинчи: Учурда элибиздин электр энергиясына болгон талабы жайы-кышы бирдей болууда. Маселен, мурда кышкы суук күч алганда электрге талап да ошондой күч алса, соңку жылдары жайында дагы талап кыштагыдан кем эмес шартта болууда. Буга албетте, элибиздин жашоосунун жакшырышы (шаардагы ар бир үйдө атайын үй муздаткычтар күнү-түнү колдонулууда), өлкөдөгү өндүрүштүн токтобостон өргө карай өрүш алышы себеп болууда. Электр булагына болгон талап азыр жайдыр-кыштыр бирдей өлчөмгө чыкты.

— Сиздердин фонддун ишмердүүлүгү өлкөбүзгө келүүчү инвесторлордун санынан дагы көз каранды тура. Эгерде өлкөбүздө алар үчүн жагымсыз жагдай жаралса, натыйжада алардын бизге карай кызыгуусу басаңдаса фонддун ишмердүүлүгү токтоп же аксап калбайбы?
— Кудай сактасын, андай болушу мүмкүн эмес. Биз чет жактан келчү инвесторлорду эле санап, алар жок болсо “алакан жайып” отуруп калчулардан эмеспиз. Өзүбүздөн чыккан инвесторлорубуз менен деле иш алып бара беребиз. Кичи электр станцияларына басым коюлуп жаткан азыркыдай шартта дал ушул жаатта инвестиция салууга кызыккандардын саны оголе көп. Ишенесиңерби, азыр электр энергиясын өндүрүүгө аракет кылган ички жана тышкы инвесторлордун саны барган сайын көбөйүүдө. Биздин Жашыл энергетика фонду урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык жердин трансформациясы, тиешелүү мамлекеттик органдардан алынуучу корутундуларды, талап кылынуучу документтердин бирдиктүү пакетин атайын механизмдин негизинде бүткөрүүнү өзүбүз колго алып, биз менен иш алып барууга кызыгышкан инвесторлорго жеңил варианттарды сунуштап жатабыз. Тагыраагы, электр станцияларын куруш үчүн инвесторлор мындан ары баштагыдай талап кылынуучу бир канча документтердин топтому менен алпурушпайт. Тиешелүү мамлекеттик структуралардын эшигин “тытмалашпайт”. Мындай милдеттердин бардыгын биздин Жашыл энергетика фонду өз мойнуна алуу менен ички, тышкы инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүнү колго алып жатабыз.

— Алдыңкы 5 жылдыкка карай пландарыңыздар кандай?
— Жогоруда чоң-чоң долбоорлорубуз боюнча айттым го? Алардан сырткары бизде азыр Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын аймактарына байланышкан келечектүү ири долбоорлорубуз бар. Учурда андай долбоорлорубуз үчүн атайын жер тилкелери бөлүнүп берилген. Азыр андан кийинки этаптары иштелүүдө. Ушуга окшогон келечектүү, ири долбоорлорубуз жылдан-жылга жүзөгө аша бермекчи. Ушул жерден сурооңузга улай бир нерсени баса белгилеп коеюнчу. Күн же шамал электр станциясын, ошол чакан ГЭСти куруу кичинекей дүкөн же мончо куруу эмес. Электр станцияларын куруш өзүнчө бир убакытты талап кылат. Буларга керектелүүчү жабдыктар алыс-жакынкы чет мамлекеттерден келиши керек. Андай жабдыктар бир же эки аптада келе калбайт. Бир эле ГЭСти куруу үчүн ал жайгаша турган жерди канча убакыт изилдөө керек? Бир электр станциясы ишке берилиш үчүн кээде 1-3 жыл да жетпей калышы мүмкүн. Кыргызстанда электр энергиясынын потенциялы абдан бийик. Айрыкча, суунун башында турган биздей мамлекет ошол суудан чыккан продукцияны өзүбүзгө алып калышыбыз кажет. Ошондуктан, биз мындан ары дагы өлкөбүздө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүргөнгө өбөлгө түзүп, колубуздан келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче бар аракеттерибизди көрө беребиз.

— Жашыл энергетика фонду жаңы, жаш тармак болуп жатпайбы. Жаңы тармакта кадрдык потенциялыңыздар кандай? Таңкыстык жокпу дегеним…
— Азырынча кадрдык таңкыстык деле жок. Биз өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларды аякташкан жаш кадрлар менен дагы иштеше беребиз. Максатыбыз кадр өстүрүү, аларга колубуздан келген тажрыйбаларды үйрөтүү биздин кызматтын алдындагы айныгыс асыл максаттардын бири. Туура, сиз айткандай биздин тармак жаңы, жаш болгондугуна байланыштуу катарыбызга экономист, энергетик, инженерлерди чакырып, алар менен иштешүүгө даярбыз. Анан калса учурда Жашыл энергетика багыты боюнча билим берүү системабыздын программасына окуучулар менен студенттерди окутуу каралды. Кесиптик лицейлер биздин багыт боюнча окутуу иштерин жүргүзүшүүдө. Ушул тапта борбордук аппаратыбызда дагы жаңы генерациядагы жаштардын жаңы толкуну менен иштешип жатабыз. Бакытбек Бердалиев аттуу күчтүү стратег, баардык тараптар менен иштешүүгө жөндөмдүү, билими менен иши айкалышкан тажрыйбалуу жаш кадрды өзүмө орун басар кылып, сырттагы заман чакырыктарынан калбай иш алып баруудабыз.

— Жетекчи катары фонддун тышкы алакасы, эл аралык инвесторлор менен иштешүү жагын жолго сала алдыңызбы?
— Бул жагын колубуздан келишинче аткарып, ушул тапта коңшу Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери менен биргеликте иш алып баруудабыз. Себеби, коңшу мамлекеттердин Жашыл энергетика жаатындагы тажрыйбалары бизге абдан керек. Анткени, алар бул багыттагы иштерди бизге чейин башташкан. Бизден 3-4 жыл алдыда десем да болот. Ошондуктан, алардын тажрыйбалары, идеялары керек. Коңшу мамлекеттерибиз менен биздин мамилелерибиз учурда жакшы нукта уланууда. Мындан тышкары 2023-жылы жеке өзүм атайын иш сапар менен Грузияга барып, алардын Жашыл энергетика фонду менен тажрыйба алмашып, келечекке карай кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерди кол коюшуп келгенбиз. Алар менен азыр дагы тыгыз иштешип жатабыз.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X