ЭМНЕ ҮЧҮН ӨРТ КЫРСЫКТАРЫ КӨБӨЙҮҮДӨ?

Жаңы 2026-жылдын кирип келери менен Бишкек шаарынын Тынчтык конушунда өрт кырсыгы катталып, өткөн жылдын ноябрь айында курулушу бүткөн 2 кабаттуу үй күйүп кеткен. Жаңы эле астанасын аттап кирген үйүн жалынга жалматтырып жиберген үй-бүлө азыр үстүндө кийип турган кийими менен гана сыртта калышты. Ал ортодо Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө да өрт чыгып, эки адам каза тапты. Учурда бул кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.  ӨКМдин ыкчам маалыматтарында ушул күндөрдө күнүнө республика боюнча 15ке жакын өрт кырсыктары катталууда. Адатта өрт кырсыгы катталганда ММКларда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда деген маалымат берилет. Андан кийин көпчүлүк кырсыктын келип чыгуу себебине кызыкпайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2025-жылдын 12 айында 3757 өрт кырсыгы катталганын, келтирилген материалдык чыгымдар 2 071 077 041 сомду түзүп, тилсиз жоодон 53 адам каза болгонун билдирди.

Өздүк курамдын өрттүн алдын алуу боюнча аткарган күжүрмөн аракеттерине карабастан, 2025-жылдын 12 айында катталган кырсыктын саны 2024-жылдын 12 айына салыштырмалуу 19%га, материалдык чыгым 2 эсеге жана каза болгондор 20%га көбөйгөн. 2024-2025-жылдар боюнча өрт кырсыктарынын 60%ы турак жай секторунда жана ачык аянттарда чыккан. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында ачык аянттарда катталган кырсыктар кургакчыл аба ырайынын кесепетинен болгон. Ал эми өрттүн негизги себептери электр жабдууларын колдонуудагы техникалык эрежелердин бузулушу деп табылган. 2025-жылы электр жабдууларды колдонуудагы эрежелердин бузулушунан улам 1220 өрт кырсыгы катталган. 2024-жылга салыштырмалуу 13%га көп болгон. Экинчи орунда тамеки тартуудагы этиятсыздык турат. 2025-жылы мындан улам 536 өрт кырсыгы катталып, 2024-жылга салыштырмалуу 39%га көбөйгөн. Ал эми үчүнчү орунда жаш балдардын от менен ойноосу турат. Өткөн жылы балдардын этиятсыздыгынан 308 өрт кырсыгы катталып, 2024-жылга салыштырмалуу 27%га көбөйгөн.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X